15:13
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Январь айында 22,3 миллиард сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү чогултулду

2024-жылдын январь айында 22 миллиард 373,3 миллион сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү чогултулду. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди.

Белгиленген план 1 миллиард 88,3 миллион сомго ашыгы менен аткарылды. 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 4,5 миллиард сомго көп жыйналган.

Анын ичинде 16 миллиард 498,7 миллион сом суммасында салык жана төлөмдөр жыйналып, план 3,7 миллион сомго ашыгы менен аткарылды. Бул 2023-жылдын январь айына салыштырмалуу 3,2 миллиард сомго көп.

Камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча чогултулган сумма 5 миллиард 874,6 миллион сомду түздү. Белгиленген пландан 1 миллиард 84,6 миллион сомго көп жыйналды. Бул өткөн жылдын көрсөткүчүнөн 1,2 миллиард сомго көп.

Эң көп окулган жаңылыктар