21:42
USD 87.00
EUR 90.63
RUB 0.79

Садыр Жапаров иш сапары менен БАЭге учуп кетти

Президент Садыр Жапаров Бириккен Араб Эмираттарына (БАЭ) иш сапары менен жөнөп кетти. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдирди.

Сапардын алкагында өлкө башчысы Бириккен Араб Эмираттарынын президенти шейх Мухаммад бин Заед Аль Нахайяндын чакыруусу менен Дубай шаарында өтө турган Дүйнөлүк өкмөттөр саммитине катышат.

Мындан тышкары, Садыр Жапаров БАЭнин жетекчилиги жана компанияларынын өкүлдөрү менен бир катар жолугушууларды өткөрүп, эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулайт.

Кыргызстандын расмий делегациясынын курамындагылар:

  • министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов;
  • тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;
  • президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;
  • Кыргызстандын Бириккен Араб Эмираттарындагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Абдилатиф Жумабаев;
  • президенттин администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын начальниги Алмаз Исанов;
  • жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөлдөө министри Мелис Тургунбаев;
  • экономика жана коммерция министри Данияр Амангельдиев;
  • санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаева.
Эң көп окулган жаңылыктар