23:15
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Орусия Чүй облусундагы мектептерге миңден ашык окуу китебин берди

Россия Чүй облусундагы эки мектепке миңден ашык окуу китебин берди. Бул тууралуу Россотрудничествонун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко жана Бишкектеги Россотрудничествонун жетекчиси Альберт Зулхарнеев орус тили, физика, математика жана балдар көркөм адабияты боюнча 1 миң 200 окуу китебин тапшырышты.

Китептер Ивановка жана Кант мектептерине берилди.

«Кыргызстандын окуу жайларында Орусия каржылаган мектеп тамак-ашы системасын өнүктүрүү боюнча долбоор ишке ашырылууда. Ал БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын негизинде өткөрүлөт. Бул программа үчүн 2023-2026-жылдарга Россия тарап кошумча 15 миллион доллар бөлгөн», — деп белгиледи Россотрудничествонун өкүлчүлүгү.

Эң көп окулган жаңылыктар