Чүй, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын аймагында бир катар батир уурулуктарын кылган топ кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, топ төрт кишиден турган. 30-январда Ноокен районунун Кочкор-Ата шаарында жайгашкан үйгө киришип, алтын зер буюмдарын, ноутбук жана акча каражатын уурдап, келтирилген чыгым жалпы суммасы 211 миң сом болгон. 28-январда Аламүдүн районунун Лебединовка айылындагы Өскон-Ордо жаңы конушунда жайгашкан үйгө киришип, алтын зер буюмдарын уурдап кетишкен.
Жабырлануучулар милицияга арыз менен кайрылышып, Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси «Уурулук» боюнча кылмыш иши козголгон.
Шектүүлөр автоунаа менен жүрүп, алдын ала сүйлөшкөн боюнча аракеттенип, көбүнесе зер буюмдарды жана акча каражаттарды уурдап жүрүшкөн.
Кармалган адамдардын өздүгү аныкталып, алар мурда бир нече жолу соттолгон, 1979-жылы туулган А.Ж., 1988-жылы туулган М.А., 1992-жылы туулган М.О. жана 1996-жылы туулган Ю.Ш. экендиги такталып, убактылуу кармоочу жайга камалды.
Шектүүлөрдөн уурдалган алтын зер буюмдар, акча каражаттары, телефондор, үй буюмдары табылган.
Учурда кылмыштуу топтун Баткен, Чүй жана Жалал-Абад облустарынын аймагында жасалган уурулук фактылары аныкталды. Тергөө уланууда.