12:24
USD 87.00
EUR 90.41
RUB 0.84

Райымбек Матраимовдун 3,9 миллиард сомдук кыймылсыз мүлкү мамлекетке өткөрүлдү

Райымбек Матраимовдун жалпы баасы 34 миллион 810 миң 500 долларлык (3 миллиард 98 миллион 134 миң сом) кыймылсыз мүлкү мамлекеттин менчигине өткөрүлдү. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Белгиленгендей, Райымбек Матраимов жана анын жакын санаалаштары тарабынан мыйзамсыз жол менен табылган мүлктөр мамлекеттин менчигине өткөрүлүп берилди. Мекеме маалыматта алардын тизмесин көрсөткөн. 

  • Бишкек шаарындагы Киев-Тыныстанов көчөсүндө жайгашкан 5 кабаттуу «Бай Таш мунарасы» турак жай комплекси, жалпы аянты 8 миң 148,5 чарчы метр, алдын ала баасы 16 миллион 297 миң долларды түзөт;
  • Ош шаарындагы Төлөйкөн кичирайонунда жайгашкан «Ихлас» курулуш компаниясынын коммерциялык имараттары, жалпы аянты 5 миң 85 чарчы метр, алдын ала баасы 7 миллион 627 миң доллар;
  • Ош облусунун Кара-Суу районунун аймагындагы 3,87 гектар жер тилкеси менен «БИМИ Ош сервис» БКЖ (бажылык каттоо жери), алдын ала баасы 4 миллион долларды түзөт;
  • Бишкек шаарынын Рыскулов көчөсүнүн 79 Б дарегинде жайгашкан «Эрем» спорт клубу, жалпы аянты 538 чарчы метр, болжолдуу баасы 1 миллион доллар;
  • Бишкек шаарынын Ж.Пудовкин көчөсүнүн 82/2 дарегинде жайгашкан 2 корпус, офис кеңсеси, жалпы аянты 700 чарчы метр, болжолдуу баасы 2 миллион 500 миң долларды түзөт;
  • Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы 37,3 гектар жер тилкеси менен «Юни Лаб» БКЖ(бажылык каттоо жери), болжолдуу баасы 1 миллион 286 миң долла⁠Ош шаарынын А.Масалиев көчөсүндө жайгашкан «Имарат Стиль» ЖЧКсына тиешелүү IMPERIAL коммерциялык имараты, жалпы аянты 1 миң 400 чарчы метр, болжолдуу баасы 2 миллион 100 миң доллар түзөт.

УКМК тарабынан Райымбек Матраимовдун кылмыш жолу менен алынган кошумча мүлктөрүн аныктоо жана мамлекеттин менчигине өткөрүү боюнча тиешелүү комплекстүү иш-чаралар улантылууда.

Эң көп окулган жаңылыктар