Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 8-10-февралында Анкара шаарына (Түркия) расмий сапар менен барат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
Акылбек Жапаров соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын 11-жыйынына катышат. Ошондой эле Түркиянын расмий жетекчилери жана мамлекеттик органдарынын башчылары менен жолугушуулары болот.
Мындан тышкары, ал кыргыз-түрк бизнес форумуна катышат жана анын алкагында ири бизнес өкүлдөрү менен жолугат. Өнөр жай, транспорт, медицина жана электрондук соода жүргүзүү тармактарында иш алып барган орто жана ири ишканалардын ишмердүүлүгү менен таанышып, ишкерлик чөйрөдө кызматташууну талкуулайт.
Жолугушуулардын жана жыйындардын соңунда эки тараптуу документтерге кол коюулары күтүлүүдө.