22:16
USD 88.66
EUR 94.91
RUB 0.96

Газа тилкесинде январь айында 14 журналист каза болду

Январь айында Газа тилкесинде Израил армиясынын соккуларынан 14 журналист каза болгон. Бул тууралуу Палестина журналисттер профсоюзунун баяндамасына таянуу менен WAFA маалымат агенттиги билдирди.

Жалпысынан январь айында Израил күчтөрүнүн Палестинадагы журналисттерге карата жасаган 135 кылмышы катталды. Сегиз медиа кызматкери турак-жай курулуштары аткыланган учурда көз жумган, дагы төртөө редактордук тапшырмаларды аткаруу учурунда каза болгону айтылат докладда.

Эң көп окулган жаңылыктар