22:01
USD 88.66
EUR 94.91
RUB 0.96

Президент: Кыргызстан палестина элинин көз карандысыздыкка болгон укугун тааныйт

Президент Садыр Жапаров Эр-Рияд шаарына (Сауд Аравия Падышалыгы) болгон иш сапарынын алкагында Ислам кызматташтык уюмунун сегизинчи кезексиз саммитинде сөз сүйлөдү

Мамлекет башчысы саммиттин маанилүүлүгүн белгилеп, чукул жыйын Палестинадагы каргашалуу окуяларга байланыштуу өткөрүлүп жатканын айтты.

«Бул чыр-чатактын кесепетинен жакындарын жоготкон үй-бүлөлөргө жана бир айдан ашык убакыттан бери күчөгөн зордук-зомбулуктун натыйжасында эбегейсиз жоготууларга жана кыйынчылыктарга дуушар болгон бардык палестиналык жарандардын кайгысын кыргыз эли тең бөлүшөт. Ар бир кыйылган өмүр — бул чоң трагедия. Өз кезегинде, Кыргыз Республикасы Газа тилкесиндеги карапайым калктын азабын жеңилдетүү үчүн гуманитардык жардам көрсөтүүгө даяр», — деди ал.

Президент Газа тилкесиндеги согуш аракеттери Палестина элинин көп сандаган курмандыктарына жана азап-кайгысына алып келгенин айтты. Бул болуп көрбөгөндөй гуманитардык катастрофа. Бейкүнөө жарандардын, анын ичинде наристе балдар менен аялдардын өмүрлөрү кыйылышы кабыл алынгыс жана эл аралык коомчулук тарабынан кеңири айыпталууга тийиш.

«Жарандык инфраструктурага, мектептерге, ооруканаларга жана турак жайларга тандоосуз кол салуу эл аралык гуманитардык укукту бузуу гана эмес, адам укуктарын да олуттуу бузуу болуп саналат», — деди Садыр Жапаров.

Президент белгилегендей, Кыргызстан Палестина элинин көз карандысыздыкка жана суверендүү мамлекетти түзүүгө болгон мыйзамдуу укуктарын тааныйт. Ал палестиналыктардын таламдарына жана каалоолоруна жооп берген бирден-бир туура чечим — Коопсуздук кеңешинин жана Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын тиешелүү резолюцияларынын аткарылышы керектигин кошумчалады.

Кыргызстан Коопсуздук кеңешин жана БУУнун Башкы Ассамблеясын эл аралык коомчулуктун атынан Газа тилкесиндеги зордук-зомбулукту токтотуу жана ал жактагы коопсуздук кризисин жөнгө салуу үчүн эффективдүү жана чечкиндүү чараларды көрүүгө чакырат.

«Ошол эле учурда, биздин ислам үммөтүнүн эл аралык коомчулукту бул баскынчылыкка каршы бирдиктүү жана консолидацияланган позицияны карманууга ынандыруусу жана тараптарды сүйлөшүүгө отургузуу үчүн эл аралык аракеттерди активдештирүү зарыл. Чыр-чатактын катышуучулары жарандардын өмүрүн коргоого артыкчылык берүүсү жана БУУнун негизги документтеринде бекитилген эл аралык гуманитардык укуктун универсалдуу эрежелерин урматтоосу өтө маанилүү. Адилеттүүлүк, теңдик жана адам укуктарын урматтоо принциптери Израиль-Палестина жаңжалын чечүүгө умтулууда биздин иш-аракеттерибизге жетекчилик кылууга тийиш», — деп кошумчалады өлкө башчысы.

Эң көп окулган жаңылыктар