17:15
USD 88.66
EUR 94.91
RUB 0.96

Муфтият Израилдин Газадагы согуштук аракетин адамзатка каршы кылмыш деп атады

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы Израилдин Палестинанын карапайым калкына каршы жасап жаткан согуштук аракетин адамзатка каршы кылмыш деп атады. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.

Аалымдар кеңеши кыргызстандыктарды социалдык тармактарда тарап жаткан ар кандай чакырыктардан сак болууга чакырды.

«Мусулман бир туугандарыбызга болгон жардамыбыз руханий жана материалдык болууга тийиш деген бүтүмгө келдик. Ошондуктан эмоциалдык сезимдерге алдырып жеке же кандайдыр бир уюшкан топтор менен бирге жихад деген ниетте Палестинага баруу шарияттык эрежелерге сыйбайт деп эсептейбиз», — деп айтылат Аалымдар кеңешинин кайрылуусунда.

Буга чейин УКМК Палестинадагы жихадга чакыргандар жазаланарын жана мындай чакырыктарга азгырылбоону эскерткен.

Эң көп окулган жаңылыктар