16:29
USD 88.66
EUR 94.91
RUB 0.96

Мирзиёев Газанын жашоочуларына жардам берүү үчүн 1,5 миллион доллар бөлөт

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Газа тилкесиндеги тургундарга жардам берүү үчүн 1 миллион 500 миң доллар бөлүүнү чечти. Бул тууралуу ал өкмөттүн 31-октябрдагы жыйынында билдирди.

«Биз Палестин элине тилектештигибизди билдиребиз жана анын БУУнун Башкы Ассамблеясы менен Коопсуздук кеңешинин буга чейин кабыл алынган резолюцияларына ылайык көз карандысыз мамлекет түзүү укугун колдойбуз», — деди Мирзиёев.

Ал «палестин жана израил тараптан бардык каза болгондордун жакындарына көңүл айтып, өзбек жаштарын «түрдүү жалган пропагандага азгырылбоого жана мыйзамга каршы аракеттерге барбоого» чакырды.

Өзбек президентинин басма сөз кызматы кабарлагандай, бөлүнө турган каражат Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Жакынкы Чыгыш агенттигине жөнөтүлөт.

Бул Жакынкы Чыгышта зомбулуктун жаңы толкуну башталган 7-октябрдан берки Мирзиёевдин бул тема боюнча алгачкы билдирүүсү болду.

Эң көп окулган жаңылыктар