20:26
USD 88.66
EUR 94.91
RUB 0.96

Газа тилкесине гуманитардык жардам жүктөлгөн дагы 33 унаа кирди

29-ноябрда гуманитардык жардамдын эң чоң кербени Газа тилкесине 33 жүк ташуучу унаа менен кирди.

Алар радикал ХАМАС тобу көзөмөлдөгөн Палестина аймагынын тургундарына тамак-аш, суу жана дары-дармек жеткиришти.

БУУнун маалыматына караганда, 21-октябрдан бери Газадагы «Рафах» чек ара бекетинен жалпысынан 117 жүк ташуучу унаа өттү. Уюм бул өтө аз деп эсептейт.

7-октябрда Хамастын Израилге жасаган чабуулунан кийин Израил бийлиги Газа тилкесин блокадага алып, аймакка электр энергия, тамак-аш жеткирүүнү жана суу берүүнү токтоткон. Бул окуяларга чейин Газага күн сайын гуманитардык жардам жана коммерциялык жүк ташыган 500дөй унаа кирип турган.

Газада иштеп жаткан эл аралык уюмдар абалды гуманитардык кризис же апаат деп баалап жатышат. Жекшембиде БУУнун палестин качкындарына жардам берүү боюнча агенттиги бир нече миңдеген киши Газадагы агенттиктин тамак-аш жана башка буюмдар сакталган кампасына кирип барганын билдирди.

ХАМАС террордук тобу Израилге 7-октябрда кол салып, 1 400дөй кишинин өмүрү кыйылган. 200дөн көп киши барымтага алынган. Израил ошондон бери Газа тилкесине абадан сокку уруп жатат.

Эң көп окулган жаңылыктар