USD87.45EUR97.90RUB1.04
24.kg

Кароосуз калган кыргызстандык өспүрүмдөр Москвадан алынып келинди

15:07, 06 февраля 2024, Бишкек - 24.kg

Ата-энесинин же мыйзамдуу өкүлдөрүнүн камкордугусуз калган Кыргызстандын жашы жете элек беш жараны Москвадан Бишкекке алынып келинди. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, алар Москва шаарынын башкы башкармалыгынын жашы жете элек өспүрүмдөрдүн убактылуу кармоочу жайында болушкан.

Алар менен үй-бүлөдө жашоо жана тарбия шарттарын аныктоо боюнча иштер жүргүзүлүп, башка мамлекеттин аймагында жүрүү себептери такталды. Алдын алуу жана тарбиялоо иштери жүргүзүлгөндөн кийин балдар жакын туугандарына өткөрүлүп берилет.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика