Бишкектеги № 4 төрөт үйүндө (шаардык перинаталдык борбор) кесарево учурунда келин көз жумду. Маалыматты 24.kg агенттигине Саламаттык сактоо министрлигинин башкы гинекологу Раиса Асылбашева тастыктады.
Анын айтымында, келин төрөт борборуна кош бойлуулуктун 41-жумасында оор преэклампсия менен кайрылган. «Ал оор абалда шишик менен түшкөн, заарасында белок болгон. 5-февраль күнү эртең менен операцияга киргизилген, анткени балага да, аялдын ден соолугуна да коркунуч жаралган. Операция учурунда бардык реанимациялык иш-чараларга карабастан каза болду», — деди Раиса Асылбашева.
Бул маркумдун үчүнчү төрөтү болгон.
Раиса Асылбашеванын айтымында, баланын абалы оор, учурда жандандыруу бөлүмүндө.
Саламаттык сактоо министрлиги окуя боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүп жатат.