02:28
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Ошто 30 жаштагы келин төрөттөн көз жумду

Ошто 1994-жылы туулган келин төрөттөн көз жумду. Маалыматты 24.kg агенттигине Саламаттык сактоо министрлигинин башкы адиси Раиса Асылбашева тастыктады.

Анын айтымында, келин ооруканага 25-мартта өтө оор абалда түшкөн, анын жүрөк кемтиги бар болгон. Шашылыш түрдө кесарево жасалып, салмагы 2 килограмм 350 грамм болгон ымыркай ара төрөлгөн.

«Келин жандандыруу бөлүмүндө болчу, бардык иш-чаралар, консилиумдар өткөрүлүп, бейтаптын абалын эске алуу менен тар чөйрөдөгү адистер чакырылган. Тилекке каршы, биологиялык өлүм 3-апрелде болду. Бала 6-апрелге чейин реанимацияда болуп, неонатологдор аны оор абалдан чыгарууга аракет кылышты. Бүгүн ал неонаталдык патология бөлүмүнө которулду, абалы салыштырмалуу канааттандырарлык, түтүк аркылуу тамактанып, салмак кошууда», — деди Раиса Асылбашева.

Экспертиза жүргүзүлүп, корутундусун күтүп жатышат.

Жыл башынан бери жалпыга маалымдоо каражаттарында энелердин өлүмү тууралуу беш маалымат жарыяланган.

Эң көп окулган жаңылыктар