07:12
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Чүйдө баңги кылмышына шектелген уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ыкчам каттоодо турган Чүй облусунун тургуну кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кылмыш дүйнөсүнүн идеологиясын карманган жана баңгизатты мыйзамсыз сактоо жана сатуу каналын турукташтырып алган жарандар жөнүндө маалымат алынган. Топтолгон материалдардын негизинде 2023-жылы кылмыш иши козголгон.

Баңги кылмышына шектүүлөрдүн бири катары мурда бир нече жолу соттолгон 1983-жылы туулган жаран аныкталган.

3-февралда ИИМдин уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери Аза Большой лакап аты менен белгилүү К.А. аттуу жаранды кармашып, андан гашиш табылып алынган.

Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Азыркы учурда Кылмыш-жаза кодексинин 283- беренеси менен кылмыш иши иликтенүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар