Ири өлчөмдөгү акчаны мыйзамсыз ыйгарып алууга жана ысырап кылууга шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Түп райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын финансылык отчеттуулук жана бухгалтердик эсеп бөлүмүнүн башкы адиси С.Н.Д. тарабынан 1 миллион 113 миң 765 сом каражатты мыйзамсыз ыйгарып алуу жана ысырап кылуу фактысы аныкталды.
Шектүү кармалып, Каракол шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына камалды. Тергөө иштери жүрүп жатат.