07:52
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Алдамчылык менен акчаны ээлеп алган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Арыз менен милицияга Бишкек шаарынын тургуну кайрылып, алдоо жолу менен акча каражатын ээлеп алган эки адамга чара көрүүнү өтүнгөн. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. 

Жабырлануучу эки жигитке кайрылып, узак убакыт 4 миң 500 доллар карызын кайтарбай жүргөн Ж. аттуу жарандан акчасын алып берүүнү суранган.

«Ал эки жигит аткарала турган жумушуна 500 доллар алышкан. Бирок убакыт өтүп жок болуп кетишкен. Ошол эле учурда алар Ж. аттуу жарандан алган 192 миң сом акчаны өзүлөрүнө ыйгарып алышканы белгилүү болгон. Көрүлгөн чаралардын натыйжасында Бишкек шаарында жашаган Талас облусунун 1995-жылы туулган тургуну кармалды», — деп айтылат маалыматта.

Кармалган жаран уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Кылмыш иши боюнча тергөө иштери уланууда

Эң көп окулган жаңылыктар