00:00
USD 87.45
EUR 91.29
RUB 0.95

Бишкекте дагы эки автобус каттамы ишке кирет

Бишкекте дагы жаңы эки автобус каттамы ишке кирет. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

1-февралдан тарта № 145 жана № 169 жаңы автобустары каттай баштайт. Буга чейин бул каттамдарда кичи автобустар иштеп келген.

№ 145 автобус Көк-Жар конушунан Маевка айылына чейин каттайт. Узундугу 33 километр, автобустардын аралыгы 6-8 мүнөт. Бул линияга 14 автобус чыгат.

№ 169 автобус Ак-Ордо конушунан Шоро компаниясына чейин жүрөт. Анын узундугу 47 километр, ал эми автобустардын кыймыл интервалы 12 мүнөттү түзөт. Каттамда 14 автобус кызмат көрсөтөт.

Мэрия бара-бара бардык маршруттук каттамдар толугу менен автобустарга алмаштырыларын кошумчалады.

Эң көп окулган жаңылыктар