03:23
USD 87.45
EUR 91.77
RUB 0.88

Орусия Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматына унааларды берди

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ички иштер министрлигине автоунааларды тапшыруунун расмий аземине катышты. Бул жөнүндө министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады.

Акылбек Жапаров баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү укук коргоо органдарынын гана эмес, жалпы коомчулуктун милдети экенин белгиледи. Ал Россия Федерациясынын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Николай Удовиченко баштаган Өрусянын өкмөтүнө ыраазычылык билдирди.

«Берилген жардамдын аркасында Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлеринин потенциалы жана техникалык мүмкүнчүлүктөрү жогорулайт», — деди ал.

Ошондой эле республиканын акыркы жылдардагы экономикалык жактан өнүгүүсүндөгү көрсөткүчтөрүнө да токтолду.

Эң көп окулган жаңылыктар