00:59
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Чүй облусунун жергиликтүү аткаминерлери мыйзамсыз жер сатууга шектелүүдө

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары катышкан коррупциялык укук бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Аламүдүн райондук кеңешинин эл депутаттарынын 1991-жылдын 16-майындагы токтому менен Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын күзөт бөлүмүнө жалпы аянты 5,7 гектар жер тилкеси спорт аянтчасы менен эс алуу аймагы үчүн бөлүнүп берилген. Бирок чечим ишке ашпай кагаз бетинде эле калган.

Алдын ала маалыматтар боюнча, Лебединовка айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетинин мурдагы аткаруучусу жана башка кызмат адамдары сүйлөшүп алып, өз ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдаланып, аталган жер тилкенин 4,3 гектарын, жайыт жана көлмөнү жеке адамдарга мыйзамсыз сатып жиберишкен. 2006-жылдын ноябрында бул жер тилкеси 95 миң сомго сатылган.

Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси «Коррупция» боюнча кылмыш иши козголду. Учурда аталган факты боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.

Эң көп окулган жаңылыктар