17:05
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Бишкек шаарында жаңы автобус каттамы ишке кирет

25-январдан тарта Бишкек шаарында № 56 жаңы автобус каттамы ишке кирет. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

«Каттам Чоң-Арык айылынан айланма жол менен жүрүп, Байтик-Баатыр, Жибек-Жолу, Чыңгыз Айтматов проспекттерин камтыйт. Анын узундугу 24 километр, ал эми автобустардын арасындагы интервал 10 мүнөттү түзөт. Каттамда 25 автобус кызмат көрсөтөт. Аталган каттам № 55 маршруттун карама-каршы багыты боюнча жүрөт», — деп билдирди мэрия.

мэриянын басма сөз кызматы
Фото мэриянын басма сөз кызматы


Белгилей кетсек, буга чейин мэрия чоң унаалардын Бишкекти айланып жүрүүсүн, анын ичинде перпендикуляр кыймылды камсыз кылган бир нече чакан шакекчелерди жасоону пландап жатканын маалымдаган.

Эң көп окулган жаңылыктар
10-октябрь, бейшемби