Бишкек шаарынын Ленин районунун башкы архитектору А.Н.М. жанаМамлекеттик картографиянын чарбалык бөлүгү боюнча бөлүмүнүн башчысы М.Ж.А. кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Ленин районунун башкы архитектору аффилирленген жактар аркылуу коммерциялык объектилерди бузуу шылтоосу менен ар бир объектиге 2-3 миң доллар акча талап кылгандыгы аныкталды. Ал Мамлекеттик картографиянын бөлүм башчысы менен биргеликте 1 миң доллар өлчөмүндөгү акча каражатын алып жаткан жеринен кармалды.
Учурда кармалгандардын катышуусунда жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын алкагында тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүп, башка кызмат адамдарынын бул коррупциялык схемага катышуусу бар экендиги аныкталууда.