18:50
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Сокулукта жергиликтүү чиновниктер коррупцияга шектелүүдө. Кылмыш иши козголду

Сокулук райондук прокуратурасы Чүй облустук өнүктүрүү фондунун, Кызыл-Туу жана Зуура Кайназарова айыл өкмөттөрүнүн кызмат адамдарына карата кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди .

Маалыматка ылайык, аталган кызмат адамдары ирригациялык тармактарды реконструкциялоого бөлүнгөн каражатты коррупциялык жол менен кымырып алган.

«2022-жылдын 24-августунда жогоруда аталган адамдар өз кызмат абалынан кызматтын кызыкчылыктарына каршы пайдаланышып, пайда көрүү максатында жана башка жеке кызыкчылыктарды көздөшүп, «Н.Л.» ЖЧКсы менен «Сугат тармактарын капиталдык оңдоо» жана «Эски темир бетондук лотокторду алмаштыруу» долбоорлорун ишке ашыруу боюнча түзүлгөн келишимдин талаптарын бузушуп, эч кандай жумуштар аткарылбагандыгына карабастан жасалма акт түзүшүп, «Н.Л.» ЖЧКсына 5 милллион 773 миң 813 сом акча каражатын которуп жиберишкендиги аныкталды», — деп айтылат маалыматта.

Мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген. Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») менен кылмыш иши козголду. Учурда кылмыш иштердин тергөөсү Сокулук районунун ички иштер башкармалыгына тапшырылып, тергөө амалдары жүргүзүлүү алдында турат.

Эң көп окулган жаңылыктар