USD87.45EUR98.38RUB1.04
24.kg

Кыргызстанга дары-дармектерди мыйзамыз алып кирүүгө аракет кылышкан

13:06, 22 января 2024, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанга дары-дармектерди мыйзамыз алып кирүүгө аракет кылышкан. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Мамлекеттик салык кызматынын эсепке алынбаган товарлар менен иштөө башкармалыгынын жардамы менен «Ак-Тилек» өткөрүү пуктунда Volvo жүк ташуучу унаасы кармалган.

«Айыл чарба буюмдарына жамынып, ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден товарларды алып келүүгө жана Кыргызстандын салык органдарында каттоого турууга тиешелүү документтери жок, баасы 50 миллион сомдон ашык 450 ящиктен турган кымбат баалуу дары-дармектердин ири партиясы табылган», — деп айтылат маалыматта.

Учурда УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын алкагында республикалык бюджетке келтирилген зыяндын көлөмүн, ошондой эле жогоруда көрсөтүлгөн фактыга башка кызмат адамдарынын катыштыгы бар экендигин аныктоо боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.

Views
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика