12:33
USD 86.45
EUR 92.47
RUB 1.00

Бишкекте № 34 жана № 146 автобус каттамдарынын схемасы өзгөртүлдү

Бишкекте № 34 жана № 146 автобус каттамдарынын схемасы өзгөртүлдү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мындай чечим мекемелер аралык комиссиянын жыйынында кабыл алынды.

№ 34 автобустун маршруту Шоро компаниясынан жаңы автобекетке чейин узартылды. Ал эми № 146 автобус кайрадан Мыкан айылына жүргүзүлдү.


«Бул иш-чара шаардын маршруттук тармагын оптималдаштыруунун алкагында жана Мыкан айылынын тургундарынын бир нече жолу кайрылуусунан улам кабыл алынган», — деп кошумчалады мэрия.

Эң көп окулган жаңылыктар