Камчыбек Асанбектин (Камчы Көлбаевдин) кылмыштуу кирешесин адалдоого шектелип Кыргызстандын экс-премьер-министринин жакын тууганы М.У.Д. издөөгө алынды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, ал кримтөбөлдүн кылмыштуу иш-аракеттерин билип туруп, ал жетектеген криминалдык чөйрөнүн ишкердик жүргүзүүчү субъектилерден рэкет, опузалап алуу, акча чогултуу түрүндөгү мыйзамсыз аракеттерин билип, 2018-жылдан бери уюшкан кылмыштуу топтордун өкүлдөрү менен активдүү иш жүргүзүп келген.
«Атап айтканда, М.У.Д. Камчыбек Асанбек Асанбек менен бирге Ысык-Көл облусундагы «Каганат» пансионатынын Flamingo Bay ресторанына жана Чолпон-Ата шаарынын аймагында жайгашкан White түнкү клубуна ээлик кылган, ошондой эле Камчыбек Асанбекке тиешелүү «Ордо» соода жана оюн-зоок комплексинин 3-кабатында элиталык түнкү клубду ачууну пландап, буга чейин акча каражат жумшаган», — деп айтылат маалыматта.
УКМК М.У.Д. Бишкектеги «Асман», Social Coffe, Urban, Sushi Room, Red cow, Cakes/bubbles, My shisha, Aroma, «Тесто Место» сыяктуу 11ден ашык элиталык мекемелерди тейлеген ресторан бизнесинин башкаруучу компаниясына ээ экенин, кирешенин бир бөлүгү уюшкан кылмыштуу топторду каржылоого жумшалганын белгиледи.
«Ошол эле учурда М.У.Д. Дубайдын «Палм Джумейра» (БАЭ) элиталык аймагында жайгашкан SAYA Brasserie ресторандар тармагынын 5 ресторанын: MURA , Eva Beach Restaurant, Patriki, Daily Huqqa жана ошондой эле Алматы шаарындагы Social Group Almaty ресторандар тармагынын 5 ресторанын: Eva Terrace, Urban, Local, Daily coffee, Mongol bar тейлеген Aiza Hospitality компаниясына ээ», — деп билдирди мекеме.
Түшкөн кирешенин реалдуу көлөмүн жашыруу максатында М.У.Д. жана анын жакын туугандары мүлктөрүн аффилиацияланган жактарга каттатышкан, Чүй облусунун аймагында эле 180ден ашык жер тилкеси жана Камчы Көлбаевге таандык «Каганат» эс алуу борборундагы коттеджи аныкталды.
17-январда ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренеси (кылмыштарды жасоо үчүн уюшкан топко катышуу) боюнча сыртынан айып тагылып, издөөгө алынды.
Белгилей кетсек, Social Coffee жана «Майрам Групп» ЖЧКсынын жетекчиси өлкөдөн качып кеткен премьер-министр Данияр Үсөновдун уулу Үсөнов Мурат Даниярович.