20:34
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

2023 жылы ИИМ каржы пирамидасына байланыштуу 358 кылмыш ишин тергеген

2023-жылдын 12 айында ички иштер органдары тарабынан каржы пирамидага байланыштуу 358 кылмыш иши тергелген, анын ичинен 217 кылмыш иши соттук кароого жиберилип, 98 кылмыш иши боюнча учурда тергөө иштери улантылып келет. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кылмыш фактыларынын басымдуу көпчүлүгү Бишкек шаарында, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарында катталган.

Жабырлануучулардын саны 350 адамдан ашып, келтирилген материалдык чыгым 68 миллион сомдон ашкан. Ал эми кылмыш иштери боюнча жалпысынан 40 адам жоопко тартылган.

«Жогоруда көрсөтүлгөн фактыларды талдап келгенде, жеңил акчанын артынан түшкөн жарандарыбыз аз убакыттын ичинде чоң дивиденттерди убада кылган «кайрымдууларга» карызга батып, акча берип алданып келет. Алдамчылар адатта жакшы манипуляторлор жана акча алуунун жаңы жолдорун ойлоп табуу менен адамга психологиялык жана эмоционалдык жактан таасир этүүнү билишет. Каржы пирамида — каржы алдамчылыктын эң кеңири таралган түрлөрүнүн бири. Каржы пирамидалар өздөрүн уюмдардын дээрлик бардык формасы катары жашырып иш алып барышы мүмкүн», — деп белгиледи ИИМ.

Милиция жарандарды ак эмгек менен тапкан акчаларын мындай уюмдарга салаардан мурун, кырдаалды кылдаттык менен баалап, суроо берүүдөн жана документтерди талап кылуудан коркуунун же тартынуунун кереги жок экенин эскертет. Чоң суммадагы кирешелер чоң тобокелдиктерсиз болбойт.

Эң көп окулган жаңылыктар