18:29
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Ош: күчтүү таасир этүүчү дары-дармектерди рецептсиз саткан дарыканалар аныкталды

ИИМдин баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы Ош шаарында  күчтүү таасир этүүчү дары-дармектерди рецептсиз саткан дарыканалардын түйүндөрүн аныктады. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кызматкерлер тарабынан контролдук сатып алуу жүргүзүлүп, дарыканадан рецептсиз күчтүү дарыларды сатып алышкан. Ошондой эле узак убакыт бою тыюу салынган күчтүү дары-дармектерди мыйзамсыз сатуу менен алектенген азык-түлүк дүкөнүнүн сатуучусу боюнча ыкчам маалымат түшүп, андан дагы күчтүү дарыларды сатып алышкан.

Көрүлгөн чаралардын натыйжасында ыкчам кызматкерлер тарабынан баңги жана психотроптук заттардын компоненттери бар 73 даана өлчөмүндө дары-дармектер алынган.

Учурда дарыкана пункттарынын сатуучуларына карата мыйзамга ылайык жоопкерчиликке тартуу чаралары көрүүлүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар