Коомдук транспортто жол кире 30-январдан тарта көтөрүлөт. Бүгүн, 15-январда, Бишкек шаардык кеңешинин сайтында жол кирени жогорулатуу жөнүндө токтом жарыяланды.
Документте белгиленгендей, чечим жарыялангандан 15 күндөн кийин күчүнө кирет.
Муниципалдык автобустарда жана троллейбустарда накталай эмес төлөм менен жол кире 17 сом, накталай болсо 20 сом болот. Жеке жана кичи автобустарда жол акысы 20 сомго көтөрүлөт.