Өзбекстанда депутат Эмил Жамгырчиевге карата эки кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 10-январда, Жогорку Кеңештин жыйынында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.
Белгилей кетсек, депутаттар башкы прокурор Курманкул Зулушевдин Эмил Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү тууралуу өтүнүчү боюнча комиссиянын ишинин жыйынтыгын талкуулап жатышат.
УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин айтымында, алар Салим Абдувалиевди суракка алышкан.
«Ал бардык көрсөтмөлөрүн берди. Ооба, мага келген, жардам сураган, мамлекеттик чоң кызматтагы адамдарды тартипке салып бер деп суранган, бирок мен Кыргызстанга кийлигише албайм деп айткам деди. Андан сырткары, Абдувалиевдин жардамчысын алдап кетиптир. Бир нече күн анын мейманканасында жатып, акчасын төлөбөстөн качып кетиптир. Ошондо, Өзбекстанда эки кылмыш иши козголду. Бири «Алдамчылык», экинчиси «Мамлекеттик чек араны мыйзамыз кесип өтүү», — деп билдирди УКМКнын төрагасы.
Эске салсак, кечээ депутаттык комиссия депутат Эмил Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берген.
2020-жылы Эмил Жамгырчиев менен Бактыбек Калмуратов аткезчилик боюнча кылмыш ишин оң жакка чечүү үчүн ишкерден пара алган деп айыпталган. Жабырлануучу Эмир Эмилканов айыпталуучуларга карата доосунан баш тарткан. Биринчи май райондук жана Бишкек шаардык соттору эки фигурантты тең кылмыштын курамы жок болгону үчүн актаган.
2022-жылдын 6-декабрында Башкы прокуратура Эмил Жамгырчиевдин актоо өкүмүн жокко чыгаруу өтүнүчү менен Жогорку сотко кайрылган. УКМК 26-декабрда пресс-релиз таратып, депутатка издөө жарыяланганын билдирген. Кийин ал атасын кароо үчүн акы төлөнбөгөн өргүү алганы белгилүү болгон. Натыйжада, 2023-жылдын январында Жогорку сот ишти кайра тергөөгө жөнөткөн.