Депутат Эмил Жамгырчиев Орто Азиядагы белгилүү ишкер Салим Абдувалиевден (Салимбай) колдоо издөө максатында аны менен жашыруун түрдө жолуккан. Бул тууралуу бүгүн, 10-январда, Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттык комиссиянын төрагасы Алишер Эрбаев билдирди.
Эскерте кетсек, кечээ Жогорку Кеңештин комиссиясы башкы прокурор Курманкул Зулушевдин Эмил Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү тууралуу өтүнүчүн караган.
Алишер Эрбаевдин айтымында, Жамгырчиев 2022-жылдын декабрь айында кыргыз-өзбек чек арасынан мыйзамсыз өтүп, Ташкентке барган.
«Жамгырчиев аталган жолугушуудан кийин мыйзамсыз чек арадан өтүү фактысын жашыруу максатында 2022-жылы 16-декабрда чек арадан мыйзамсыз өтүп, Бишкек шаарына кайтып келген. Өзбекстан бул факты боюнча кылмыш ишин козгоп, Жамгырчиевге издөө жарыяланды. Эмил Жамгырчиев убактылуу жашаган мейманкананын бөлмөсүндө тинтүү жүргүзүлүп, жасалма күбөлүк табылган. Мындан тышкары, Кыргызстандын профилдик мамлекеттик органдары депутат кыргыз-өзбек чек арасынан мыйзамдуу жол менен бир да жолу өтпөгөнүн билдиришти», — деди Алишер Эрбаев кылмыш ишинин материалдарына шилтеме жасап.
Эске салсак, кечээ депутаттык комиссия депутат Эмил Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берген.
2020-жылы Эмил Жамгырчиев менен Бактыбек Калмуратов аткезчилик боюнча кылмыш ишин оң жакка чечүү үчүн ишкерден пара алган деп айыпталган. Жабырлануучу Эмир Эмилканов айыпталуучуларга карата доосунан баш тарткан. Биринчи май райондук жана Бишкек шаардык соттору эки фигурантты тең кылмыштын курамы жок болгону үчүн актаган.
2022-жылдын 6-декабрында Башкы прокуратура Эмил Жамгырчиевдин актоо өкүмүн жокко чыгаруу өтүнүчү менен Жогорку сотко кайрылган. УКМК 26-декабрда пресс-релиз таратып, депутатка издөө жарыяланганын билдирген. Кийин ал атасын кароо үчүн акы төлөнбөгөн өргүү алганы белгилүү болгон. Натыйжада, 2023-жылдын январында Жогорку сот ишти кайра тергөөгө жөнөткөн.