Депутат Арсланбек Малиев Кумтөр алтын кенинин кызматкерлерине мөөнөтүнөн мурда пенсияга чыгуу укугун берүүнү сунуштоодо. Мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды.
Маалымкат-негиздемеде белгиленгендей, учурда Кыргызстандын мыйзамдарында зыяндуу жана оор эмгек шарттары бар өндүрүштөрдүн, жумуштардын, кесиптердин, кызматтардын жана көрсөткүчтөрдүн тизмелери каралган жана аларда иштөө жаш курагы боюнча жеңилдетилген шартта пенсияга чыгуу укугун берет.
Автордун пикири боюнча, ар кандай регламенттөөчү жана реабилитациялык иш-чараларга карабастан бийик тоо, биоклиматтык ыңгайсыздык факторлорунун, мезгилдүү тоо миграцияларынын адам ден соолугуна тийгизген таасирлери терс болуп саналат жана бул толук компенсацияланбайт жана/же четтетилбейт.
«Ушуга байланыштуу бийик тоолуу шарттарда иштеген адамдарга ар кыл социалдык жеңилдиктер жана компенсациялар, анын ичинде мөөнөтүнөн мурда жеңилдетилген пенсияга чыгуу укугу керек», — деп жазылат мыйзам долбоорунда.
Бүгүнкү күндө Эмгек кодексинде мөөнөтүнөн мурда жеңилдетилген пенсияга чыгууда кызматкерлерге ишин улантууну же эмгек келишимин бузууну тандоо тууралуу ченемдер каралган эмес. Сунушталган өзгөртүүлөр кызматкерлерге ишин улантууну же мөөнөтүнөн мурда жеңилдетилген пенсияга чыгууну тандоо укугун берет.