08:25
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Депутат Бишкектеги май куюучу жайларды шаардын сыртына чыгарууну сунуштады

Депутат Акылбек Түмөнбаев Жогорку Кеңештин жыйынында Бишкектеги май куюучу жайлардын баардыгын шаардын сыртына чыгарууну сунуштады.

Анын айтымында, алар абаны булгап жатышат.

«Баарыбыз унаалар абаны булгап жатат деп айтып жатабыз. Бирок Бишкекте 96 май куюучу жай бар экен. Аймактык реформанын алкагында шаарга кошулган конуштар менен алардын саны 126га жетет. Май куюучу жайларды шаардын сыртына чыгарсак аба таза болуп, ден соолукка зыян келбейт деген ойдобуз», — деди Акылбек Тумонбаев.

Ал токтом же мыйзам долбоорун кабыл алууну сунуштады. «Балдарыбыздын ден соолугуна кам көрөлү», — деп кошумчалады депутат.

Эң көп окулган жаңылыктар