22:34
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

2023-жылы видеокамералардын жардамы менен 800гө жакын кылмышкер табылган

Видеокамералардын жардамы менен 2023-жылы 3 миңге жакын кылмыш ачылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.

Ички иштер органдарынын ишин санариптештирүү, укук бузууларды аныктоо жана ыкчам чараларды көрүү максатында коомдук жайларда 3 миңге чукул видеокамера орнотулган. Алардын ичинен 800дөн ашыгы ИИМдин Ыкчам башкаруу борборуна онлайн көзөмөлдөө үчүн жана дагы 100дөн ашык камера адамды жүзүнөн тануучу ситемага кошулган.

Алардын жардамы менен 2023-жылы 3 миңге жакын кылмыш ачылды. Издөөдө жүргөн 800дөн ашык, анын ичинен 100дөн ашыгы эл аралык, интерполдо издөөдө жүргөн кылмышкерлер кармалып, 150гө жакын дайынсыз жоголгондор аныкталып, 200дөй мушташтын алдын алуу иш аракеттери жүзүнө ашырылган.



Учурда ИИМдин демилгеси менен жергиликтүү бийлик органдары менен бирдикте дагы жүздөгөн видеокамераларды орнотуу пландалууда.

Эң көп окулган жаңылыктар