Сүлүктү шаарындагы «Южный 3» көмүр кенинде урандынын астында калган эки кен казууучу куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 7-январда Сүлүктү шаарындагы «Южный 3» шахтасында эки жумушчу урандынын астында калгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Жалпысынан 18 куткаруучу тартылган.
Издеп-куткаруу иши көмүр шахтанын 140 метр тереңдигинде жүргүзүлгөн. Кырсык катталган убакыттан жарым саат өтпөй 1992-жылы туулган И.Х., 1976-жылы төрөлгөн И.М аттуу жарандар куткарылган. Алар тез жардам кызматына өткөрүлүп берилген.
Сүлүктүдөгү көмүр шахталарында соңку эки жыл аралыгында 94 куткаруу иштери аткарылып, анын ичинде алты жарандын өмүрүн сактап калышкан.