Кыргызстандын аймактарында жардыруучу заттар коюлган деген анонимдүү телефон чалууларды жасаган төрт өспүрүм кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
УКМК 30-ноябрда жана 18-декабрда Бишкек шаарындагы мектептерде жардыруучу түзүлүштөр орнотулгандыгы тууралуу анонимдүү чалуулар келип түшкөнүн белгиледи.
Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 14, 15 жаштагы өспүрүмдөр кармалды. Алар чет элдик абонент аркылуу анонимдүү чалуулар үчүн буйрутма беришкен.
«Бул аракеттер жеке максаттарга, атап айтканда, бейбаштык мүнөздө окуу процессин үзгүлтүккө учуратууга багытталган», — деп билдирди мекеме.
Учурда ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, анын жыйынтыгы боюнча тиешелүү чаралар көрүлүп, кармалган жарандар мыйзамга ылайык жазага тартылат.
УКМК бул жосундарды жасоого Кылмыш-жаза кодексинин 259-беренесине («Терроризм актысы жөнүндө атайылап жалган билдирүү») ылайык кылмыш-жаза жоопкерчилиги, 5 жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу каралганын эскертет.