14:44
USD 86.45
EUR 92.47
RUB 1.00

Мэрия Бишкектеги жаңы автобекетти көрсөттү

Мэрия Бишкектеги айланма жол менен Алма-Ата көчөсүнүн кесилишиндеги жаңы автобекетти көрсөттү.

Муниципалитет II Элдик курултайда президент Садыр Жапаров Ош базарын, Батыш жана Чыгыш автобекеттерин шаардын сыртына көчүрүү тууралуу билдиргенин белгиледи.

Бишкек автобекети Чыгыш автобекетин шаардын сыртына көчүрүү максатында уюштурулду.

Анын аянты болжол менен 5 гектарды түзөт. Мэрия автобекеттен Чоң-Арык айылына чейин № 146 автобус каттамын ишке киргизди.

Чыгыш автовокзалынын ордуна көп кабаттуу унаа токтотуучу жай курулушу мүмкүн. Ошондой эле, бул аймакта парк түзүү пландаштырылууда. Чыгыш автобекетинин имараты бузулбайт, анткени ал республикалык маанидеги тарыхый жана маданий эстеликтердин мамлекеттик тизмесине кирет.

Эң көп окулган жаңылыктар