Токмок шаарында дүкөндү тоноого аракет кылган чет элдик жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Токмок шаарынын күзөт бөлүмүнүн пультуна кайтарууда турган дүкөндөн айгай белгиси келип түшкөн. Шектүү дүкөндүн терезесинен чыгып кетүүгө аракет кылган.
«Кармалган адам милиция кызматкерлерине каршылык көрсөтүп, темир арматура жана отвертка менен кол салган. Анын өздүгү аныкталды. 1983-жылы туулган М.А.А. коңшу мамлекеттин жараны болот», — деп айтылат маалыматта.
Шектүү Токмок шаарынын ички иштер башкармалыгынын ыкчам-тергөө тобуна өткөрүлүп берилди.«Уурулукка аракет кылуу» беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Тергөө иштери жүргүзүлүүдө.