«Дордой», «Ак-Суу», «Алкан» жана «Кербен» базарларынын жетекчилери тарабынан соодагерлерден акча каражаттарын негизсиз чогултуу боюнча мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз борбору билдирди.
Соода комплекстеринин жооптуу адамдары тарабынан кыш мезгилинде жылытуу каражаттарын колдонууга уруксат берүү үчүн 100 доллардан 300 долларга чейин акча чогултулуп жаткандыгы аныкталды.
«Ошол эле учурда жогоруда аталган базарлардын администрациясы соодагерлер жылытуучу шаймандарды уруксатсыз пайдаланган учурда аларга айып пул салып, жылыткычтарды жана кондиционерлерди колдонууга тыюу салган. Соода комплекстеринин администрациясынан «уруксат» алгандан кийин гана аларга аппараттарды колдонууга уруксат берилген», — деп айтылат маалыматта.
УКМК базар жетекчилери менен тиешелүү профилактикалык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, алар жылытуучу шаймандарды пайдалангандыгы үчүн ишкерлерден акча чогултууну токтотууну, ошондой эле бардык соодагерлерге эң ыңгайлуу шарттарды түзүүнү убада кылышты.
Маалыматта белгиленгендей, базардын администрациялары тарабынан мыйзамсыз чогултууларды кылган айрым кызматкерлерди ээлеген кызматынан четтетүү боюнча чечим кабыл алынды