Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун директорунун орун басары Канат Рыскулов кармалды. Маалыматты УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Ага ылайык, агенттиктин балансында турган мамлекеттик мүлктү узак мөөнөткө ижарага берүү келишимдерин түзүүдө кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактылары аныкталган.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинде (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) каралган кылмыштын белгилери боюнча Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча агенттигинин директорунун орун басары Р.К.Б. кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда бул фактыга тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.