02:08
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

УКМК Камчы Көлбаев менен байланышы бар ишкерлерди кармады

УКМК Камчы Көлбаев менен байланышы бар ишкерлерди кармады. Бул тууралуу мекеменин басма сөз борбору билдирди.

Маалыматка ылайык, шектүүлөр «мыйзамдагы ууру» деп аталган Камчыбек Асанбектин атын жамынып, россиялык инвесторлордун акчасын алдоо жолу менен ээлеп алган.

2018-жылы Россиянын жараны «Айсео» ЖЧКсы менен стратегиялык өнөктөштүк келишиминин алкагында Ысык-Көлдөгү коттедждик шаарчаны курууга 14 миллион доллардан ашык инвестиция кылган.

«Бирок Ысык-Көл районунун Корумду айылында коттедждик шаарча курулгандан кийин шектүүлөр Камчыбек Асанбектин кылмыштуу байланышынан пайдаланып, күч колдонуп зомбулук көрсөтүү менен коркутуп, инвестордун мүлкүн жана акча каражаттарын ээлеп алып, аны Кыргызстандан чыгып кетүүгө мажбурлашкан», — деп белгиледи УКМК.

«Айсео» ЖЧКсынын ээлери жана башкы бухгалтери кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар