Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров мамлекеттик ишканалардын жана акционердик коомдордун 2023-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары жөнүндө отчетун укту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
«Манас» эл аралык аэропортунун 2023-жылга капиталдык салымдардын көлөмү 5 миллиард сомду түздү. Жети жаңы каттам ачылып, бардык аймактык аэропортторду реконструкциялоо иштери жүрүп жатат. Докладды уккан соң министрлер кабинетинин башчысы Кыргызстандын авиациясын ИКАОнун кара тизмесинен чыгаруу маселесине токтолду. Ал өлкөнүн алыскы аймактарына ички каттамдар үчүн учактарды сатып алуу зарылдыгын белгиледи.
«Кара-Балта спирт заводун» модернизациялоого 280 миллион кредиттик каражат бөлүнгөн. 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча ишкананын кирешеси 400 миллион сомду түзгөн. Акылбек Жапаров өндүрүлүп жаткан продукциянын сапатына өзгөчө көңүл бурууну жана ушундай эле ишкананы түштүк аймакта ишке киргизүүнү тапшырды.
«Спирт заводу Майлуу-Суу заводуна айнек идиштерге, ал эми «Учкун» басмаканасына акциздик маркаларга буйрутма бериши керек. Ошентип, мамлекеттик ишканалар өз кирешелерин камсыздай алат, ал эми финансылык активдер мамлекеттик компаниянын балансында калат. Өз ара буйрутмалар, кеңеш берүү жагынан да, бизнес жагынан да жардам көрсөтүү мамлекеттик ишканаларды «минустан» чыгарууга жардам берет», — деп белгиледи министрлер кабинетинин төрагасы.
Жыйындын жүрүшүндө мамлекеттик чыгашасы көп ишканалардын отчеттору да угулду. Акылбек Жапаров эки жылдан бери чыгым менен иштеп жаткан «Мамлекеттик лотерея компаниясын» сынга алды.
«Эмне үчүн мамлекет пайда көрбөгөн, андан дагы монополист ишкананы кармап турушу керек? Ар бир мамлекеттик компаниянын бизнес-планы жана процесстерди түшүнүүгө башкаруучулук мамилеси болушу керек. Кызматтык унааларды сатып алуу жана кеңсени ремонттоп коюу — бул эффективдүү башкаруу эмес, бул жөн гана чыгымдар. Технологияларды сатып алып, инновациялык долбоорлорду ишке ашыруу керек», — деп жыйынтыктады ал.