Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 2024-жылдын дем алыш күндөрүн которуу жөнүндө токтомго кол койду. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
Дем алыш жана жумуш эмес майрам күндөрүн рационалдуу пайдалануу максатында, беш күндүк иш жуманын графиги боюнча иштеген, мамлекеттик бюджеттен каржылануучу мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын кызматкерлери үчүн төмөнкүдөй белгиленди:
1) 2024-жылдын 1—7-январы дем алыш күндөрү болуп жана которулсун:
- 8-январдагы дем алыш күнү 2-январдагы иш күнүнө;
- 27-январдагы дем алыш күнү 3-январдагы иш күнүнө;
- 2-марттагы дем алыш күнү 4-январдагы иш күнүнө;
- 2-сентябрдагы дем алыш күнү 5-январдагы иш күнүнө;
2) 21—24-март дем алыш күндөрү болуп жана 8-апрелдеги дем алыш күнү 22-марттагы иш күнүнө жылдырылсын;
3) 2 жана 3-май эс алуу күндөрү болуп жана которулсун:
- 6-майдагы дем алыш күнү 2-майындагы иш күнүнө;
- 11-майдагы дем алыш күнү 3-майдагы иш күнүнө;
4) 10-апрель Орозо айт, 17-июнь Курман айт дем алыш майрам күндөрү.
Беш күндүк иш жуманын графиги боюнча иштеген жеке менчик түрүндөгү юридикалык жактардын жетекчилерине бул токтомдун 1-пунктуна ылайык дем алыш күндөрүн которуу сунушталсын. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.