10:41
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Чыгыш автобекетинин ордуна көп кабаттуу унаа токтотуучу жай куруу сунушталды

Чыгыш автобекетинин ордуна көп кабаттуу унаа токтотуучу жай уюштуруу сунушталды. Тиешелүү токтом долбоору Бишкек шаардык кеңешинин сайтына жарыяланды.

Мэрия Кыргызстандын борборуна күн сайын аймактардан жана коңшу мамлекеттерден жүргүнчүлөрдү ташыган 1 миңден ашуун унаа кире турганын эскерттти. Бул тыгынга алып келип, Бишкектин экологиялык абалын жана сырткы көрүнүшүн начарлатат. Ошондуктан министрлер кабинети Чыгыш жана Батыш автобекеттерин шаардын сыртына чыгарууну пландаштырууда.

Жол тыгынын чечүү үчүн муниципалитет Чыгыш автовокзалынын аймагында көп кабаттуу унаа токтотуучу жайларды уюштурууну; парк түзүүнү; республикалык маанидеги тарых жана маданият эстеликтеринин мамлекеттик тизмесинде турган Чыгыш автовокзалынын имаратын тийиштүү абалда кармоону сунуштап жатат.

Мамлекеттик менчик жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү зарыл болгон учурда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүлүп берилери жазылган.

Ошондуктан Бишкек шаардык кеңештин токтомунун долбоорунда аянты 1,3153 гектар жер тилкеси менен Чыгыш автобекетин муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берүү каралган.

Эң көп окулган жаңылыктар