23:41
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Кыргызстанда Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттик түзүлдү

Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин түзүмүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» жарлыкка кол койду. Бул тууралуу өлкө башчысынын басма сөз кызматы билдирди.

Президент Жер ресурстары кызматынын базасында Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик түзүү чечимин кабыл алды.

Анын карамагына кызматкерлеринин тиешелүү штаты, бюджеттик каржылоосу, материалдык-техникалык базасы, тиешелүү филиалдары, функциялары менен:

  • «Мамкартография» геодезия жана картография боюнча мамлекеттик мекемесин,
  • «Кыргызмамжердолбоорлоо» жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасын өткөрүп берүү тапшырылды.

Мындан тышкары, Айыл чарба министрлигине караштуу Токой кызматын тиешелүү штаты, финансылык жана материалдык-техникалык каражаттары менен Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин карамагына өткөрүп берүү тапшырылды. ӨКМ жана Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттик министрлер кабинетинин кароосуна жоболордун жана башкаруу схемаларынын тиешелүү долбоорлорун киргизип, ал бекитип бериши керек.

Эң көп окулган жаңылыктар