10:35
USD 86.45
EUR 92.47
RUB 1.00

Индонезияда заводдо өрт чыгып, 13 киши каза болду

Индонезияда Сулавеси аралындагы металлургиялык заводдо өрт чыкты. Бул тууралуу ТАСС агенттиги билдирди.

Маалыматка ылайык, өрт 24-декабрда эртең менен никелди кайра иштетүүчү заводдордун биринде чыккан. Натыйжада 13 адам каза болуп, 46 адам ысык буудан жабыркады.

Жабыркагандардын бир бөлүгү ооруканага жаткырылды. Ишкананын дирекциясы өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюу үчүн топ түздү.

Эң көп окулган жаңылыктар