Ички иштер министрлигинин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери салык чөйрөсүндөгү коррупциялык фактыларды аныкташты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Мамлекеттик салык кызматынын Ош облусунун Өзгөн району боюнча башкармалыгынын кызматкери салык текшерүүсүнүн жыйынтыгын бурмалоо жана 700 миң сомдон ашык салык карызын жашыруу үчүн облустун тургунунан 200 миң сом талап кылган.
Ал 20-декабрда акча каражатын алып жатканда кармалды. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.