15:31
USD 87.10
EUR 99.05
RUB 1.07

Ысык-Көлдө жергиликтүү тургундун үйүнөн ок-дарылардын арсеналы табылды

Ысык-Көлдө жергиликтүү тургундун үйүнөн ок-дарылардын арсеналы табылды. Маалыматты Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Ага ылайык, ноябрь айында Ак-Суу райондук милициясына райондун тургундарынын бири өз үйүндө ок атуучу куралдарды жана ок-дарыларды мыйзамсыз сактап жүргөндүгү тууралуу маалымат түшкөн.

Маалымат райондук милициясына катталып, куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

«Көрсөтүлгөн адам Ичке-Жергез айылынын 47 жаштагы Д.Т. аттуу тургуну болуп чыкты. Тинтүү учурунда милиция кызматкерлери тарабынан эки «ТОЗ-8» үлгүсүндөгү ок атуучу куралдары, 10 даана 7,62 калибрдеги жана 10 даана 5,45 калибрдеги октор, бир бычак, бир окуу гранатасы жана баштыкка салынган жапайы кара куурайдын өзгөчө жыты бар кургатылган түрү алынган. Өсүмдүктүн салмагы 1 килограмм 250 граммды түздү», — деп айтылат маалыматта.

Соттук-баллистикалык жана соттук-химиялык экспертизалар дайындалды.Тергөө амалдары уланууда.

Эң көп окулган жаңылыктар