Уюшкан кылмыштуу топтун кирешелерин мыйзамдаштырууга байланыштуу Жогорку Кеңештин мурдагы депутатынын баласы кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Атайын кызматтын маалыматына караганда, М.А.М. аттуу жаран Камчы Көлбаевдин кылмыштуу кирешелерин адалдоого шектелип кармалган.
Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чараларынын алкагында кылымыш иши козголуп, Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту тарабынан чыккан өкүмгө ылайык ал камакка алынган.
М.А.М. Камчы Көбаевдин жана жана анын айланасындагылардын кылмыштуу иш-аракеттерин билип туруп, алардын кылмыштуу жол менен алынган мүлкүнө мыйзамдуу көрүнүштү берүү, ошондой эле мыйзамдуу ээсин жашыруу максатында 2020-жылы чыгарылган «Лексус LX570» үлгүсүндөгү брондолгон унаасын өзүнө каттаган жана уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө колдонууга берген.
Мындан тышкары, Камчы Көлбаев менен жакын үй-бүлөлүк мамиледе болгон. Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү тарабынан өткөрүлүүчү жеке спорттук иш-чараларды каржылап турган.
Иликтөөнүн алкагында анын Дубайдын «Бизнес Бей» элиталык аймагында жайгашкан 24 батири бар экени аныкталды. Кыймылсыз мүлктүн жалпы суммасы 4,5 миллион долларды түзөт.
Учурда УКМК тарабынан Камчы Көлбаевге тиешелүү мүлктөрдү аныктоо жана мамлекетке кайтаруу боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары улантылууда.