20:51
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

2024-жылдын башында министрлер кабинети өлкөгө инвестиция тартуу менен алектенет

«2024-жылдын алгачкы 100 күнүндө инвестиция тартууга байланышкан иштерди жүргүзөбүз», — деди министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Инвестициялык кеңештин отурумунда.

Жыйынга чогулгандар мамлекеттик мекемелер менен ишкерлердин ортосундагы өз ара иш алып баруу механизмдерин талкуулашты. Отурумга мамлекеттик органдардын, өнүктүрүү фонддордун, мамлекеттик банктардын жана бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү катышты. «Кыргызстандын аймагында полимер пленкасынан жасалган пакеттерди жана пластик буюмдарды жүгүртүүнү чектөө жөнүндө» мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү, ошондой эле «Инвестициялар жөнүндө» мыйзамынын жаңы редакциясын сунуштоо боюнча маселелер каралды.

Кыргызстанда мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүүнүн жыйынтыктары жана мындан аркы пландары талкууланды. 2022-2023-жылдарга карата мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун ишке ашыруу планы боюнча 24 долбоор иштей баштады. Ал эми 2024-жылы алардын санын кыркка жеткирүү пландалууда.

 Акылбек Жапаров Кыргызстанга инвестиция тартуу маселелеринде учурдагы укуктук-ченемдик актыларга өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү менен гана чектелбестен, реалдуу идеялардын үстүндө иш алып барууга чакырды.

«Келээрки жылдын январь айында өлкөдөгү бардык өнүктүрүү фонддордун, мамлекеттик өнүктүрүү банктардын жана Кеңештин мүчөлөрүнүн ишин карайбыз. Алардын аткарган иштери боюнча отчет берүүсүн, инвестиция тартуу боюнча кийинки жылдарга далилдүү долбоорлорду күтөбүз. Ал эми инвестицияга байланышкан мыйзамдарга толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизип эле жатабыз. Бирок реалдуу өзгөрүү болбой жатат. Эми биз аны менен катар эле башка жол менен кетебиз. Мекемелер аралык комиссия түзөбүз жана тиешелүү программаларды тартабыз. Жаңы жылдын алгачкы 100 күнүндө инвестиция тартууга байланышкан иштерди жүргүзөбүз», — деди Акылбек Жапаров.

Белгилей кетсек, келээрки жылдан тартып мамлекетке инвестиция тартууга байланышкан жыйындар тыныгуусуз өткөрүлө турган болду.

Эң көп окулган жаңылыктар